Майдандан кайтпаган ата-бала
Бул сүрөттөгү эки жоокердин бири (белинде канжар тагынганы) чоң атабыз Моту Усупбеков. Ал 1926-жылы туулган. Талас облусунун Кара-Буура районунун (мурдагы Киров району) Бакыян айылынан 1944-жылдын 16 -ноябрында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Акыркы каты ушул сүрөт менен бирге 1945-жылдын февралында Алматы шаарынан келген экен. Андан башка кабар болгон эмес. Бакыян айылынан согушка чогуу аттанган алты жигиттин бешөө аман-эсен өз жерине кайтып, бир гана Моту чоң атабыз келген эмес экен. Мотунун апасы-Гулкан энебиз уулунун согуштан курман болгонуна ишенбей, тирүү деген үзүлбөгөн үмүт менен өмүрүнүн акырына чейин уулун күтүп, жол карап жүрүп өткөн. Гулкан эне кайтыш болгондо чапанынын чөнтөгүнөн баласынын амандыгын тилеп, ырымдап өкчөп жүргөн, саргайып калган чүкөсүн тапканбыз деп апам айтып калат эле.
Аскердик архивден табылган документтерге ылайык, Моту Усупбеков "дайынсыз жоголгон деп эсептелинсин" деп айтылган экен. Бирок ушул эле документте кол менен "1945-жылдын 24-апрелинде курман болгон" деп да жазылган. Бул учурда Жеңишке туусу көтөрүлөрүнө 15 гана күн калган болчу.
Чоң атабыз Сарымсак Усупбеков болсо 1922-жылы Талас облусуна караштуу Кара-Буура (мурдагы Киров) районунун Бакыян айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылдын августунда аттанган, 1942–жылы 15-ноябрда сол бутунан жарадар болот. Дарылангандан соң кайрадан майданга кирип, 1943-жылы 15-августта экинчи ирет сол колунан оор жаракат алат. Госпиталдан дарыланып чыккандан кийин демобилизация болуп, 1943–жылы күзүндө мекенине кайтып келген. Согуш мезгилинде жана андан кийин райондогу Бакыян, Бейшеке колхоздорунда жетекчилик кызматтарда, Ленин колхозунда башкарма болуп эмгектенген. (Сарымсак Усупбековдун аскердик билетинен алынган сүрөт)