Журтташтар Ноорузду белгилешти

АКШнын Техас штатындагы кыргыз диаспорасы 21-22-мартта Нооруз майрамын түркмөн, өзбек, казак, азербайжан жана түрк диаспоралары менен биргеликте Хьюстон шаарында майрамдашты. 

Бул жылы майрамга Кыргызстандан алынып барылган жаңы боз үй өзгөчө көрк берип турду. 

Нооруз майрамында Кыргызстандын улуттук тамак-аштары даярдалып, жергиликтүү калк андан даам сызып көрүштү. 

Ал эми кечинде Хьюстондо окуган студенттердин коштоосунда улуттук ырлар жаңырды.

21-мартта Малайзиядагы кыргызстандыктар да чогулуп, Ноорузду белгилешти. Майрамдык иш-чарага бул өлкөдө окуп жана иштеп жүргөн мекендештер катышкан. 

Майрамдык салтанатты "Ала Тоо" диаспорасы менен Малайзиядагы кыргыз элчилиги биргелешип уюштурган. 

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Нооруз майрамы менен куттуктап жатат.

Нооруз майрамын Түштүк Кореядагы кыргыздар да ар кандай салтанат, спорттук мелдештер менен белгиледи. 

Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөн Чотонов майрамдык иш-чарада.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги да башка мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен бирге Ноорузду белгилешти. Майрамдык иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, ​Казакстан, Түркмөнстан, Өбекстан, Молдова жана Кытайдын Шинжаң автоном аймагынан келген чыгармачыл топтор катышты.

21-мартта Индиянын баш калаасы Делиде да чет өлкөлүк сегиз элчиликтин уюштуруусунда Нооруз майрамы белгиленди. Майрамды өткөрүүгө кыргыз элчилиги да активдүү катышты. Майрамды бул өлкөдөгү элчилер өздөрү ачып, ага Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары  Н.Сарна баштаган коноктор келген.