Тургуналиев: Бийлик тазаланбаса үчүнчү революция болот

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бул тууралуу коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Кыргызстандагы ыңкылаптардын себептери менен сабактарын талкуулаган жыйында билдирди. Ал өз сөзүндө биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди мисал келтирип, коомчулукта түрдүү кеп айтылса да анын кызматтан кызматка көтөрүлүп жатканын сындады. Эки ыңкылаптын себептерин эскерткен Тургуналиев бийлик тазаланбаса үчүнчү революция болушу ыктымалдыгын айтты.