Кургакчылык кесепети жазда билинди

Мунун кесепетинен жалпысынан айылдыктар былтыр болжол менен 45 млн .сомго тоют сатып алгандарын айтышат.

Чүй облусунан келген чөптөрдүн сапаты начар болгондуктан айылдыктардын бир топ малы арыктыгынан өлүп жатат.

Мындай көрүнүш айылда көп жылдан бери уланып келет... Айылдын башкы жан сактоо кыймылы малга байланыштуу болгондуктан, мындай көрүнүштөн улам айылда ички жана тышкы миграция күч алды дешет айыл тургундары.

Күздө сатып алган кошумча чөп-чары жетпей калган элеттиктер азыр бир боо чөптү 300 сомдон 350 сомго чейинки баага алып жатышат. Анысы аз келгенсип чөптүн сапаты начар болуп, малды тойгуза албай жатат.

Мал арык болсо төл алуу да кыйын болот, ал эми тууган койлор арык болуп козуларын жерип эмизбейт.