Атамбаев: Кыргызстан парламентаризмден кайтпайт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине жана Еврошаркет менен ЕККУнун башкаруучу институттарына жасаган расмий визити 23-мартта башталды. 23-март күнү Вена убактысы боюнча 11-00дө Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Австриянын президенти Хайнс Фишер менен жолугушту. Президенттер биргелешкен маалымат жыйынында кызматташуунун негизги багыттары боюнча жетишилген макулдашуулардын шарттары туурасында журналисттерге айтып берди.