Бала бакчада экинчи кабаттан кулап түшкөн баланын абалы оор

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова билдирди.

- Азыр бала реанимация бөлүмүндө, абалы оор. Дарыгерлер иштеп жатат. Азырынча башка маалымат бере албайбыз, - деди ал.

2 жашар бала Бишкектеги №113 балдар бакчасынын экинчи кабатынан кулап түшкөн. Мекеменин директору учурда жыйын болуп жатканын айтып, маалымат берүүдөн баш тартты.

Былтыр Бишкектеги №31 бала бакчанын экинчи кабаттагы тепкичинен бир кыз кулап, баш сөөгү сынган. Анын башына операция жасалган болчу. (КЕ)