Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин Кумтөр боюнча айткандарына байланыштуу жооп берип жатып билдирди.
Бүгүн өлкө башчысы Бишкектеги Ала-Тоо конушундагы мектептин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Кумтөрдүн иштебей жатканына кабатырланган:
- Мен эки жыл мурун айткам, бул келишимди бүтүрүп койгула, Сатыбалдиевди колдоп койгула дегем. Антпей парламентте бакылдап атышып, аягында 50-50% дегенди түзө алабызбы, же жокпу?..
Өмүрбек Текебаев "Центерра" менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда президенттин билдирүү жасап ийишин кескин сынга алды. “Мамлекет башчысы эч убакта 50-50 пайыздан аша албайбыз деп кайра-кайра айтып атса, сүйлөшүп аткандар макул болмок беле?, - деди Текебаев. (КЕ)