Облус аймагында 11-18-март күндөрү облустук ИИБ тарабынан ок атуучу куралдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында «Арсенал» операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар милицияга 18 даана ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырышты. Операция алкагында 1 даана “РГН-38” үлгүсүндөгү граната, 2 даана травматикалык тапанча да алынган. (RsK)