Дайынсыз кеткен Акматбек Жанузаков

Атам Акматбек Жанузаков. 1942-жылы Алайда мугалим болуп жүргөндө түшкөн. 

Атам Акматбек Жанузаков эжем Алайкүлдү көтөрүп турат. Анын артында турган апам. 1942-жыл.

Атам, апам жана эжем Алайкүл. 1942-жыл, Чоң-Алай.  

Атамдын согуштан жазган каттарынын бири. 

Каттын уландысы

Бул биз Сокулукка келип, таякелеримдикинде жашап жатканда түшкөн сүрөт. 
Биринчи катарда ортодо Сүймөнбай Кудаке уулу. Экинчи катарда солдон: Дүйшөн Кудаке уулу, андан кийин Ыйманбек Табалды уулу, ортодогу кемпир таянем Батма, андан кийин апам Айнаш, анын колундагы эжем Алайкүл. 
Үчүнчү катарда солдон: төртүнчү Жышаан Кудаке уулу. Сүрөттүн оң жак тарабындагы келиндер таякелеримдин аялдары. Таякелеримдин бири согушка кетип жатканда түшүшкөн сүрөт. 1942-43-жылдар болсо керек

Иманкул Кудаке уулу (1912-жылы туулган). 1939-жылы түшкөн сүрөт. 

Жышаан Кудаке уулу (биринчи катарда солдо), Ысмайылбек Табылды уулу, Бейшенбек Урмат уулу. 1940-жыл.

Жышаан Кудаке уулу (биринчи катарда оңдо). 1941-жылдагы сүрөт. 

Таянем Батма неберелери менен. Экинчи катарда солдо эжем Алайкүл. 1950-жыл

Биринчи катарда солдон: апам Айнаш, Сайнагүл, таякем Ишенбек Сүймөнбай уулу жана мен. Экинчи катарда солдон биринчи эжем Алайкүл. 1950-жыл

"Азаттыктын" "Биздин тарых" долбооруна Бишкек шаарынын тургуну Марлин Акматбеков Экинчи Дүйнөлүк согуштан кайтпай калган атасынын жана таякелеринин сүрөттөрүн алып келди. 73 жаштагы Марлин Акматбеков согуш жылдарды, ал кездеги жакындарынын оор турмушун, азаптуу тагдырларын баяндап берди.