Бишкектеги курултай бийликке жети талап койду

Бүгүн Бишкектеги “Медиа-Форум” имаратынын жанында апрель жана Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналган курултай өттү. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрага орун басары Амантур Жамгырчиевдин “Азаттыкка” айтымында, анда бийликке жети талап коюлду. Алар: Апрель элдик революциясы аркылуу жетишкен жеңиштерин бекемдөө, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын экстрадициялоого жетишүү, соттор корпусун кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жаңылоо, энергетика боюнча социалдык тарифти киргизүү, жетекчилик кызматтарда кадрларды жаңыртуу жана жаштар менен толуктоо, Кумтөр боюнча Кыргызстанга пайдалуу чечим чыгаруу, парламенттик шайлоону ачык жана калыс өткөрүү талабы. Бул талаптар эми өлкө жетекчилерине тапшырылат. Бүгүнкү курултайга Талас, Нарын, Чүйдөн өкүлдөр катышты. (КЕ)