Кыргызстандыктар Нооруз үчүн эс албайт

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдиргендей, 23-март жумуш күнү катары кала берет. Маалыматка ылайык, 21-март Нооруз майрамы дем алыш, ишемби күнгө туш келгенине байланыштуу бул дата башка күнгө жылдырылган жок. Беш күндүк жумушта иштегендер үчүн дем алыш күнү 23-мартка жылдырылат. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, жаңы жылдагы эс алуу күндөрү узартылып, 6-январындагы иш күнү 23-мартка жылдырылган. (КЕ)