Татарстандын баш калаасындагы “Адмирал” соода борборунун урандыларынын астында калгандарды издөө уланууда. Соңку кабарларга ылайык, 17 киши мерт кеткени аныкталды. Дагы ушунча адам дайынсыз болууда.
Кишилердин өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу 14-март Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.
11-мартта Казандагы "Адмирал" соода борборунун биринчи кабатында өрт чыгып, өтө тездик менен жайылып кеткен. Куткаруучулар 250 кызматкерди жана 400 кардарды алып чыгып кетүүгө үлгүргөн.
Каза тапкандар арасында кыргызстандык 35 жаштагы Үмүт Ташмаматова бар экени аныкталган. Ал буга чейин Орусиянын жарандыгын алганы маалым болду.
Казандагы Совет райондук соту жума күнү соода борборунун ижарачы директорун эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.(SE)