Бордюжа бейөкмөт уюмдар боюнча маселени Дүйшөмбүдө да көтөрдү

Николай Бордюжа

Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдөгү сапарында бейөкмөт уюмдар боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, бейөкмөт уюмдардын коомдук пикир түзүүдөгү ролу жогору. Бирок алар бул мүмкүнчүлүктү өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн колдонбошу керек.

Бордюжа Украинадагы окуяларды мисал келтирип, “сырттан, айрыкча АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдар эмнеге алып келерин көрдүк” деп белгиледи.

Ал бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдар кызматташтыгын күчөтүшү зарыл экенин кошумчалады.

Өткөн аптада Николай Бордюжа Кыргызстанда чет өлкөлөр тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдар көптүгүн, алардын коомдук-саясий абалды өзгөртүүдө таасири күч экенин билдирген. Ал эгер аталган уюмдар өлкөгө коркунуч келтире турган болсо, ЖККУ тарабынан көзөмөлгө алынарын белгилеген болчу.