Меймандос элдин мерез милициясы (2)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте окуп, иштеп жүргөн же конокко келген айрым чет өлкөлүк жарандар кыргыз милициясынын мамилесине нааразы. Алар соңку кездери милиция себепсиз токтотуп алып паспортун текшерген, акча доолаган, тоноп алган учурлар көбөйгөнүнө даттанышууда. Байкоочулар мунун айынан Кыргызстан меймандос өлкө деген туристтик кадыр-баркына шек келип жатканын белгилешет.