Эл аралык валюта кору Украинага 17,5 млрд. доллар берет

Эл аралык валюта фондунун башкаруу кеңеши Украинага 17,5 млрд. доллар берүү тууралуу чечимди 11-мартта кабыл алды.

Бул төрт жылдык жардам программасынын алкагында болот жана банкрот чегинде турган Украинага бир жыл ичинде берилген экинчи жардам болуп эсептелет.

Эл аралык валюта фонду алгачкы транштын суммасын айта элек, ал эми украин өкмөт башчысы Арсений Яценюктун айтуусунда биринчи транш 5 млрд. доллар көлөмүндө берилет. Яценюк бул каражат Украинага жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде берилип жатканын белгилеп, дагы 7,5 млрд. доллар алынарын кошумчалады.

Программага ылайык, Эл аралык валюта фондунан Украина төрт жылдын ичинде 25 млрд. доллар алат.