“Кыргыз чоролору” бирикмесинин жетекчиси бошотулду

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев кечээ түнкү саат 21 чамасында кармалып, Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБне камалган. Үч-төрт сааттан кийин кайра бошотулду. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков “Азаттыкка” билдирди.

Январь айында Бишкектеги караоке-барларды тинтүү аракеттерине байланыштуу “Кыргыз чоролору” бирикмесинин мүчөлөрү Бишкектин Биринчи май райондук милициясына сурак беришкен. Көп өтпөй бирикменин жетекчиси Замирбек Көчөрбаевге “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.(ZKo)