Түрк музейиндеги жандуу тарых
Түркия борборунун Анкара шаарындагы абдан маанилүү тарыхый-маданий жайы болуп, Түркия Республикасын негиздеген алгачкы президент Мустафа Кемалдын мавзолейи эсептелет. Анын он беш жылдык жетекчилиги Түркия боштондугу үчүн болгон күрөштөрдөн турат. Мавзолейдеги Кемал Ататүрктүн тагдыры, Түркиянын тагдырын сактап калуу үчүн жүргөн согуштар да панорама түрүндө чагылдырылып берилген.
Түркия үчүн тагдыр чечкен жыл - 1919-жыл болгон. Ушул жылдын 19-майын Ататүрк өзү да “менин чыныгы туулган күнүм” деп саначу экен. Себеби, ошол күн азыркы Түрк республикасынын, же Түрк жумуриятынын көз карандысыздыгы үчүн башталган улуу күрөштүн эң биринчи күнү эле.
Мустафа Кемал эли үчүн жан дилинен кызмат кылып келгендиктен, калктын сый-урматына татый алган. Ал 1938-жылдын 10-ноябрда 56 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Кемалдын мавзолейин курууга алгачкы ташты коюу иш-чарасы алты жылдан кийин, 1944-жылы башталып, курулуш 1953-жылы аяктаган.
Комплексти куруу үчүн мыкты долбоорго чоң конкурс жарыяланып, ага 27 чет мамлекеттик, 20 түрк архитекторлору катышкан. Жеңүүчүлөр деп түрк архитекторлору Эмин Халид Онатон жана Ахмед Орхан Арда табылган.
Алты кылым өкүм сүргөн Осмон империясы ХХ кылымдын башында өзүнөн өзү ыдырап, өлкө алдуу-күчтүү мамлекеттериндин талоонуна түшө баштаган заманда, империя түгүл, түрктөр өз ата конушун жогото баштаган кез болгон.
Ошол опурталдуу заманда Ататүрк баш көтөргөн түрк азаматтарын тегерегине топтоп, баш-аягын таппай калган султандын бийлигине ачык да, жашыруун да тайманбай каршы чыккан.
Кемал паша түрктөрдүн жерин ар кайсы жеринен бөлүп-жарып, өз бийлигине өткөрүп аткан мамлекеттерге, алардын айтканына көнүп берген султандын өзүнө каршы согуш ачкан.
Ошол опурталдуу заманда Ататүрк баш көтөргөн түрк азаматтарын тегерегине топтоп, ошол кездеги баш-аягын таппай калган султандын бийлигине ачык да, жашыруун да тайманбай каршы чыккан.
1918-жылы европалык өнөктөштөр Стамбулдун жартысын басып алып, француз генералы Деспери шаарга ак боз ат минип, керней-сурнай тарттырып, чоң шаани менен жеңүүчү катары кирет. Стамбулга, мурунку Константинополго ак боз ат менен кирүү деген сөз, 1453-жылдан бери түрктөр ээлеп келген Константинопол эми кайра христиан дүйнөсүнүн колуна өттү деген белги, маани эле.
Стамбул шаары жайгашкан Босфор кысыгын, Чанаккалени, башкача айтканда, Дарданелди англичандар ээлеп, айтор, түрктөрдүн узун жана даңктуу тарыхындагы эң бир каргашалуу убак ушул 1918-19-жылга туура келген экен.
Бул согушка Түркиянын ар бир жараны, балтыр бешик баладан баштап бели бөкчөйгөн энелерге чейин катышкан.
Бул “Панорама 1453” Стамбулдун борборунда Топкап маданият паркына жакын жайгашкан. Мында 1453-жылы султан Мехмед II тушунда түрк аскерлеринин Константинополду алуу учурунда болгон аёосуз күрөшү чагылдырылган.
“Панорама 1453тү” куруу идеясы 2003-жылы башталып, 2005-жылы курула баштаган. 2010-жылы пайдаланууга берилип, бирок үч-төрт жыл аралыгында эле өзүнүн өзгөчөлүгү менен дүйнөлүк ири маданий очоктордун бирине айланган.
Өзгөчөлөнгөн архитектуралык план менен салынган имараттын бийиктиги отуз сегиз, диаметри болгону жыйырма метр. Долбоордун автору Хашим Ватандаш болгон. Музейдин ички аянты эки жарым миң чарчы километрге чукул.
Ошол доордун, кан майдандын элесин берүүдө бир нече тандалган кыл калем чеберлери узанган. Полотного ар кандай абалда турган миңдеген аскерлердин элеси түшүрүлгөн. Каардуу согуш боёктор менен эле тартылып калбай болуп жаткан кармаш ЗД форматында сыртка да чыгып турат.
Сүрөттөн чыгып, биздин турмушка аралашып кеткен көрүнүштөгү курал-жарактар да ошол кезде колдонулган тарыхый экспонаттар.
Өзгөчөлөнгөн архитектуралык план менен салынган имараттын бийиктиги отуз сегиз, диаметри болгону жыйырма метр. Долбоордун автору Хашим Ватандаш болгон. Музейдин жалпы аянтты эки жарым миң чарчы километрге чукул.
Стамбулду алуу үчүн болгон күрөш панорама менен эле чектелбейт. Музейдин мындан башка да тарыхый маалымат ала турган бөлүмдөрү бар.
Элестер музыка аркылуу жебелердин шуулдап учканы, жылкынын кишенегени, онтогон жарадар жоокердин үндөрү, жарылуулар менен коштолуп турат.
Музейге жергиликтүү жаштар көп барат экен. Кирүү акысы чет элдиктер үчүн түрк акчасы менен 10 лира.
“Панорама 1453тү” куруу идеясы 2003-жылы башталып, 2005-жылы курула баштаган. 2010-жылы пайдаланууга берилген.