ӨКМ аба ырайы боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда 10-13-март күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо унаа жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүндүгү айтылат. Ал эми 10-11-мартта көпчүлүк аймактардагы жаан, карга байланыштуу абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25°, күндүз 8…13° суук болушу мүмкүн.

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат, айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине оорчулук жаратат.