Кара тизмедеги кыргызстандыктар кайрадан текшерилет

Орусиянын кара тизмесине кирип калган кыргызстандык эмгек мигранттарынын ар биринин иши кайрадан текшерилет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько билдирди. Анын айтымында, аталган тизмеге кокустан кирип калган жарандар да бар. Андыктан ар биринин иши тыкыр иликтенип, мыйзам бузбаган жарандар тизмеден чыгарылат.

Орусия тышкы мигранттарга карата мыйзамдарын катаалдантып, мыйзам бузгандардын кара тизмесин түзүп, аларды өлкөдөн чыгарган. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Орусияда 700 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет, алардын 60 миңге жакыны ошол тизмеге кирип калган.(UEz)