Жон Керри Араб өлкөлөрү менен Ирандын өзөктүк программасын талкуулайт

АКШ мамкатчысы Жон Керри Сауд Аравияда, 5-март, 2015.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сауд Аравиясына иш сапар менен келди. Ал бүгүн Перси булуңундагы өлкө жетекчилери менен жолугуп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча талкуулары күтүлүүдө. Керри Сауд Аравиянын жаңы падышасы Салман менен жана Кувейт, Бахрейн, Оман, Катар, Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Ага чейин Керри Швейцарияда Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугуп, өзөктүк программа боюнча келишимди талкуулаган. АКШ баштаган дүйнөнүн алты ири өлкөсү Иранды өзөктүк программасын сырткы көзөмөл астында чектөөгө көндүрүп келет. Иран мындай шартка макул болсо, Батыш ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кыскартат.

Бирок Жакынкы Чыгыштагы Араб өлкөлөрү Ирандын өзөктүк куралга ээ болуп, аймактагы таасирин күчөтөт деп чочулашат. Керри Араб өлкөлөрүнө жаңы келишим боюнча маалымат берери күтүлүп жатат.