Швейцария өкмөтү жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" деп аталган жаңы долбоорду ишке киргизишти. Бюджети 300 миллион сомго жакын бааланган долбоор Ысык-Көл облусунун үч пилоттук районунда - Тоң, Түп жана Жети-Өгүздө ишке ашырылат.
Төрт жылга созула турган долбоордун иши саламаттык сактоо уюмдарын башкарууга багытталат. Билдирүүдө көбүрөөк көңүл сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, адам ресурстарына, инфраструктурага, жабдууларга бөлүнө турганы айтылат. (ZMa)