ЦРУнун мурдагы жетекчиси өзүнө тагылган айыпты моюнуна алды

АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги – ЦРУнун мурдагы жетекчиси Дэвид Петреус Федералдык сотто жашыруун документтерди туура эмес пайдаланганы үчүн өз күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Генерал Паула Броудвелл аттуу айым менен жеке мамиле курганынан улам, 2012-жылы кызматынан кеткен эле. Тергөөнүн версиясы боюнча, Петреус көңүлдөшү журналист Броудвеллге жашыруун маалыматтарды берип турган.