Бишкекте “Кыргызстан сулуусу-2015” сынагынын жарым финалы болуп өттү. Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин улуттук директору Амина Юсурованын айтымында, финалга 60 кыз өттү. 4-апрелде өтүүчү финалда биринчи орунду алган кыз Кыргызстандын атынан Beauty Of The World дүйнөлүк сулуулар сынагына катышмакчы.