Нарында "Хизб-ут Тахрир" уюмуна шектүүлөр кармалды

Нарында "Хизб-ут Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Алардын үйүн тинтүү учурунда бир катар экстремистик китептер табылган.

Шектүүлөр Нарын шаарынан жана Нарын районунун айылдарынан кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (MiK)