Ошто сот залынан качкан жаран Бишкектен кармалды

Ош облустук сотунда ишин териштирүүгө даярдык көрүлүп жаткан учурда качып кеткен Манап Каюмов Бишкектен кармалды. 1-март күнү аны күч кызматкерлери Ошко жеткирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаардык жана облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Каюмов маңзат сактаган жана саткан деген шек менен камалган. Тергөө учурунда ал бул иш менен алектенүүгө Маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкери түрткөнүн айтып чыккан. Анын сөзү боюнча аталган агенттиктин оперативдүү кызматкери да камакка алынган эле. Каюмов сот залынан 25-февраль күнү качып кеткен. (SE)