Немцовдун өлтүрүлүшүнө дүйнө лидерлери кабатыр

Москва

Оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун киши колдуу болушун дүйнө лидерлери айыпташууда. Алар орус бийлигин окуяны дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартууга үндөп жатышат. Германия канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Путинден кылмышкерлердин сот алдында жооп беришин жеке көзөмөлгө алууну талап кылды.

Мындан мурдараак АКШ президенти Барак Обама “Немцов өлкөсүнүн талыкпаган коргоочусу болчу. Ал мекендештеринин укугу үчүн күрөшүп келди. Мен анын коррупцияга каршы күрөшкөн эрдигине суктанчумун" деп билдирген.

Оппозиция Немцовдун өлүмүнө бийликти күнөөлөп жатат, Кремл болсо кол салууну чагымчылдар ишке ашырганын айтууда.

Оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр, 55 жаштагы Борис Немцовду ишембиге караган түнү Москванын борборунда атып кетишкен.