Ош шаардык прокуратурасы калаанын Билим берүү башкармалыгына караштуу үч бала бакча боюнча кылмыш иш козгоду. Ага жемкорлукту алдын алуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы себеп болду.
Прокуратуранын маалыматына караганда, №44, №55, №60 бала бакчаларында маяна үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражат максатсыз пайдаланылган, айрым кызматкерлерге айлык акы мыйзамсыз түрдө көбөйтүлүп төлөнгөн. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин мамлекеттик каражатты жымырып алуу жана шалаакылык беренелери менен кылмыш иши ачылып, иликтене башталды.
Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов текшерүү 2013-жылдагы каржылык маселелерге байланыштуу жүргүзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. (SE)