Иракта биринчи жолу шаар мэри болуп аял дайындалды

Ирактагы качкындар лагеринде жашаган аялдар

Ирактын борбор калаасы Багдаддын мэри болуп Жогорку билим берүү министрлигинин башкы директору Зикра ал-Вищ дайындалды. Ал Ирактын тарыхында ушундай кызматты ээлеген биринчи аял болуп калды.

Зикра ал-Вищ милдетин аткарууга бүгүндөн баштап киришти.

Ал-Вищтин дайындалышы аялдарга карата дискриминация жана зордук-зомбулук кеңири жайылган Ирак үчүн адаттан тыш көрүнүш. (ZMa)