Жоокерлерди текшерчү адистер жетишсиз

Кой-Таштагы аскер бөлүгү

Жаз-күз мезгилинде аскерге чакырылган уландардын саламаттыгын текшерип, туура диагноз койо турган адис-дарыгерлер жана жабдуулар жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн Дарылоо жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, аскерий дарыгер, полковник Талантбек Нурсейитов билдирди.

Аймактарда, айрыкча үй-бүлөлүк дарыгерлердин борборлорунда невролог, психолог, психиатр, окулист жана кулак-мурунду текшерген догдурлар жетпей жатат. Нурсейитов ушундан улам аскерге чакырылган жигиттердин айрым өнөкөт оорулары аныкталбай калып, кызмат өтөө учурунда ачыкка чыгып, бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатканын кошумчалады. (BCh)