Караколдо уруксатсыз дааватка чыккан тогуз киши кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-тобунун ага кызматкери Нурзат Каптагаев кабарлады.

Маалыматка караганда кармалгандар “Йакын Инкарь” деп аталган топтун өкүлдөрү саналышат жана алар дааватка чыгарын тиешелүү тараптарга эскерткен эмес.

Милиция өкүлүнүн айтымында кармалгандар өздөрүн Алланын адамдарыбыз деп санашат жана үйүнүн ичине төшөлгөн такталарды алып салуу, балдарын мектепке жибербей, дары ичпей коюу сыяктуу аракеттери менен белгилүү. "Ысык-Көл облустук казыяты мамлекеттин мыйзамдарына жана дааваттын тартиптерине баш ийбеген, өз алдынча дааватка чыгып, калкка динди терс көрсөтүп жаткан тартипсиз жамааттар мечиттерге киргизилбесин жана жергиликтүү жамааттар аларга жардам бербесин деп буйрук кылган. Мына ошонун негизинде аларды кармадык" деди Нурзат Каптагаев.

Учурда иш боюнча административдик материалдар топтолуп, соттун кароосуна берилди. (МТо)