Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмү тарабынан Кочкор-Ата колледжинин директору жана окуу бөлүмүнүн башчысынын үстүнөн КЖКнин 43-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка караганда, жогорудагы кызматкерлер облустук транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо, сыноо бөлүмүнөн жалпы саны 80 даана айдоочунун өздүк баракчасын, күбөлүктөрүн алып, жасалма документ даярдоо менен 73 даанасын 5 миң сомдон сатып жиберген.
Натыйжада, 365 миң сом каражат окуу жайдын казынасына түшкөн эмес. Учурда тергөө жүрүүдө. (RsK)