Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун аймагында мунай чыккан эски жайларды бетондоо иштерин алып барган Кытайдын «Тайлы” компаниясын карактоого шектелип жергиликтүү 3 тургун колго түштү. Алардын баары 20 жаштагы жигиттер экенин облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-февралдын түнүндө беткап кийген белгисиз адамдар компаниянын Кочкор-Ата шаарында жайгашкан офисине бастырып кирип, кытайлык жаранды ур-токмокко алуу менен бөлмөдөгү сейфти жана мекеменин иш кагаздарын уурдап кетишкен. Бул боюнча Ноокен райондук милициясы кылмыш ишин козгогон.Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, уурдалган материалдар ээлерине кайтарылган. Тергөө уланып жатат.
2014-жылы облус аймагында чет өлкөлүк 4 компанияга карактоо болуп, баарынын бети ачылган. (RsK\SE)