Москвада мигранттар тест тапшырчу борборлордун бири жабылды

Москва шаарындагы Царицыно округундагы мигранттар орус тилинен тест тапшыруучу борбор жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде жабылды. Бул тууралуу Москва шаарынын аймактык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш департаментинин башчысы Алексей Майоров орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.

“Царицынодогу борбор боюнча жарандардан көп кайрылуулар түшкөндүктөн, жергиликтүү жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн мэр борборду жабууну буйрук кылды”, - деди Майоров.

Бирок ал жарандардын кайрылуусуна эмне себеп болгонун ачык айткан жок. Анын айтымында, эми мигранттар орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча тест тапшыруу үчүн Москвадан 60-65 чакырым алыстагы Сахароводогу миграциялык борборго кайрылышы керек.

2015-жылдан тарта Орусияда чет элдик жарандарды тескеген мыйзамдар өзгөртүлгөн. Ага ылайык, эмгек мигранты жумушка уруксат берүүчү патент алуу үчүн орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча тест тапшырышы керек. Федералдык миграция кызматы быйыл 3,4 миллион чет элдик жаран тест тапшырарын маалымдады. (LaT)