Чүй прокуратурасынын кызматкери пара менен кармалды

Чүй облустук прокуратурасынын Б.М. аттуу тергөөчүсү жана Жайыл райондук прокуратурасынын С.Н. аттуу коомдук жардамчысы ортомчулар аркылуу пара алган деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКга К.Е. аттуу жаран кайрылып, Б.М. аны камайм деп коркутуп 1500 АКШ долларын талап кылганын айткан.

Биринчи Май райсотунун чечими менен кармалгандар 2 айга УКМКнын убактылуу абагына камалышты. Тергөө уланууда. (МТо)