Украин армиясы Донбасстан оор курал-жарагын чыгарып кетүүгө даяр

Өлкө чыгышындагы украин аскерлери

Украин аскерлери оор курал-жарагын Донбасстагы уруш жүргөн жерден чыгарып кетүүгө даяр. Бирок бул жикчилер да ушундай кадамга барса гана жасалат. Бул тууралуу украин армиясынын өкүлү Андрей Лысенко билдирди. Анын айтымында, Донбасста “жалпысынан” абал турукташа баштады. Украин армиясынын Башкы штабынан согуштук аракеттерди баштоого жана өлкө аймагына аскердик абал жарыялоого негиз жоктугун билдиришти. Украин армиясынын өкүлү Владислав Селезнёвдун сөзүнө караганда, өткөн түнү жикчилер тарабынан болгон ок атуулар “чагымчыл” мүнөздө болду жана андан жоокерлер жоготууга учураган жок.

Ошол эле кезде Дебальцево шаарында аз сандагы ок атуулар орун алган. Өздөрүн Донецк элдик республикасы деп атап алган орусиялык күчтөрдүн коргоо министри Эдуард Басурин жикчилер ок атышпоого карабай “Дебальцевону аткылай алышарын, анткени бул алардын аймагы” экендигин айткан. Басуриндин билдиришинче, башка аймактарда ок атышпоо келишими сакталууда.

Мындан мурдараак Луганск облусундагы Попасная шаары аткылоого кабылып, эки жергиликтүү тургун набыт кеткени белгилүү болгон. Бул тууралуу облустун губернатору Геннадий Москаль билдирген.

Минск шаарында 12-февраль күнү Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери жолугуп, 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан.