Ливандын мурдагы өкмөт башчысы Бейрутка өлгөн атасын эскерүү үчүн келди

Саад ал-Харири

Ливандын мурдагы өкмөт башчысы Саад ал-Харири атасынын өлгөнүнүн 10 жылдыгын эскерүү үчүн Бейрутка келди.

Анын атасы Рафик ал-Харири 2005-жылдын 14-февралында Бейруттагы ири жардыруудан каза тапкан. Анда жалпысынан 21 киши курман болгон. Бул окуядан улам мамлекетте жарандык согуш тутанып кете жаздаган.

Ливандагы сунниттердин абройлуу саясатчысы саналган Саад ал-Харири 2011-жылы ал башкарып жаткан өкмөттүк коалицияга шииттердин “Хезболла” тобу колдогон кишилер кошулгандан кийин мамлекеттен чыгып кеткен. Андан бери Сауд Арабия менен Францияда жашайт.