Президент Алмазбек Атамбаев Ооганстандан совет аскерлеринин чыгарылганына 26 жыл толуп жатканына байланыштуу кыргызстандык ардагерлерге куттуктоо жолдоду. Анда “ооганчылардын” Кыргызстанда туруктуулуктун сакталышына кошуп жаткан салымы баса белгиленет.
- Өткөн жылдарда кыргыз эли көптөгөн сыноолорду баштан өткөрдү. Терроризм, сепаратизм жана үй-бүлөлүк башкаруу канчалык коркунучтуу экенин көрдүк. Мекенибиздин башына мүшкүл иш түшкөн жооптуу учурларда ооганчы-жоокерлер биринчи болуп жардамга келип жатышты,- деп жазылат куттуктоодо.
15-февралда совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын 26 жылдыгы белгиленет.
Ооганстанга "интернационалдык кызматын өтөөгө" 7 миң кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 249у курман болуп, 504ү жараат алган. Маалыматтарга ылайык, төртөөнүн али күнчө дайыны жок. (SE)