Нарын: карылар үйү жабылуу алдында

Учурда карылар үйүндө багаар-көрөөрү жок үч кары адам калган. Бишкек шаарындагы карылар үйүнө которобуз дегенден бери алар айласын таппай убара.

Карылар үйү жабылат деген кепти уккандан бери 8 жылдан бери аталган үйдө башпаанек кылып жүргөн 77 жаштагы Арык ата ичинен түпөйүл тартып жаткандыгын айтат. Себеби аны алысыраак туугандарынын балдары алып кетебиз дешкен. Бирок ал "ушул жерде эле жашай турсам болмок, үй-бүлөм кырсыктан каза табышпаганда мынчалык кор болбойт белем" дейт.

Нарындагы карылар үйү 2006-жылы “Кызыл жарым ай” коомунун колдоосу менен ачылган. 

Карылар үйүндө такай жашаган беш-алты гана адамдан тышкары,  үй-бүлөсүндөгү кризистик абалга байланыштуу убактылуу үч-төрт айга башпаанек кылган 30дан ашык адам бар. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова карылар үйүнө акыркы жылдары жаңы келген адамдар жок болгондуктан, бул үйдү кармоонун кажети жок деп эсептейт.

Бул карылар үйү жаңы ачылганда 30га жакын кары адам жашаган. Жалпысынан бул карылар үйүндө жашап кеткендердин саны 78ге жетиптир.