Ош шаарынын быйылкы жылга карата бюджетинде артыкчылык билим берүү жана социалдык тармакка берилет. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардын 1-вице-мэри Замир Аскаров билдирди.
Бүгүн шаардык кеңеш бюджетти кабыл алды. Киреше 930 млн сом деп каралган долбоор үчүн депутаттар дээрлик бир добуштан колдоо көрсөттү.
Буга чейин Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин кабыл алуу үчүн коомдук угуу өткөн. Вице-мэрлер, калаа тургундары, бейөкмөт уюмдар катышкан коомдук угууда 49 сунуш айтылган. (ErN).