"Менин баяным": жеңүүчүлөр сыйланды

“Жол” тасмасындагы каарман. Жашы элүүдөн ашып калcа дагы жалгыз өмүр кечирип, турмуштун кыйынчылыктарына туруштук берип келе жаткан Жигитаалы байке.
 

Сынакка келген “Келдибек мергенчи” аттуу тасманын каарманы.  Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын мергенчиси Келдибек Исмаилов өз айылдаштарын ит-куштан коргойт. 

Сынакка келген тасмадагы каармандар. "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн студиясында. 

“Алтын чайкаган агай” тасмасындагы каарман Мурат Дүйшеев сүйлөп жатат. 

Сынакка тасма тартып жөнөткөндөр. 

"Тиричилик" тасмасы менен 1-орунду ээлеген Бексултан Абубакир уулуна "Азаттык Медиа" мекемесинин директору Султан Каназаров сыйлык тапшырууда. 

Темир Азем уулу "Максатбек" тасмасы үчүн 2-орунга татыктуу болду. 

“Жол” тасмасын "Менин баяным" сынагына Автандил Абдыкадыр уулу жиберген. Бул тасма 3-орунга татыды. 

Кызыктыруучу сыйлык алгандар. 

Мергенчиликтин сырын баяндаган тасманы Асейин Маданбеков тарткан. Ал кызыктыруучу сыйлыкка татыды.