Бишкектин көчөлөрүнө бир жылда 300 видеокөзөмөл орнотулат

Бул тууралуу “Коопсуз шаар” долбоору боюнча иштеп жаткан “Силсофт” компаниясынын жетекчиси Юрий Стоянов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, үч жылдын ичинде жалпы республика боюнча 1 750 видеокамера коюлуп, жол коопсуздугуна жана жалпы коомдук тартипке көзөмөл кылат. Мындан тышкары Бишкек–Каракол жолуна ылдамдыкты аныктоочу 49 радар коюлмакчы.

“Силсофт” компаниясы Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерди утуп алган.

Борбор калаадагы жол коопсуздугун камсыздоо максатында көчөлөргө видеокөзөмөл орнотуу иштери 2011-2012-жылдары башталып, бирок “өзүн актабайт” деген жүйөө менен токтотулган болчу.(ZKo)