Жер ортолук деңизге 300гө жакын мигрант чөгүп кетти

Ушул аптада Жер ортолук деңиздеги кемелердин кыйроосунан Италияга бараткан 300гө жакын мигрант каза тапты. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн апта соңунда Африка өлкөлөрүнөн Италияны көздөй төрт кеме багыт алган. Анын ар биринде жүздөн ашык адам болгон. Деңизде кемелер кырсыкка учурап, Италиянын куткаруу кызматтары 105 кишин куткарып калды. Алардын 30дайы эсине келбей көз жумду. Ал эми калгандарын издөө уланууда.