Порошенко: Украина аскердик абал киргизүүгө даяр

Украина Донбасстагы абал курчуп кетсе, аскердик абал киргизүүгө даяр. Бул тууралуу президент Петро Порошенко өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, украин бийликтери өлкөнү сактоо үчүн согушка да, тынчтыкка да даяр турушу керек.

Порошенконун билдиришинче, чыгыштагы жаңжалды канчалык деңгээлде дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүнчүлүгү Минсктеги жолугушуудан соң дайын болот. Бүгүн Беларустун борбор шаарында “Нормандия форматындагы” төрт өлкө жетекчисинин жолугушуусу өткөнү жатат. Ага Франция, Германия, Украина жана Орусиянын президенттери катыша тургандыктарын тастыкташты.