Экстремисттик сайттарга бөгөт коюу сунушталууда

Интернет аркылуу радикалдардын торуна түшкөн кыргызстандыктар арасында аялдар да көбөйө баштаганы айтылууда.

УКМК Кыргызстанда экстремисттик деп эсептелген уюмдардын сайттарына сот чечими жок эле бөгөт коюуну сунуштоодо. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдиргендей, Сирия жана Иракта болуп жаткан согушка жарандарды азгыруунун алдын алуу максатында ушул чараны колдонуу зарыл болуп турат. Бул маселе 9-февраль күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде да каралды.

Кыргызстанда ондон ашуун диний уюм экстремисттик деп табылган. Алардын катарында "Хизб-ут Тахрир", “Ислам кыймылы биримдиги” (СИД), "Ал-Каида", “Өзбекстан ислам кыймылы” жана башкалар бар.

Радикал деп саналган сайттарга өлкө аймагында бөгөт коюп, аны таратуучуларга кылмыш иш козгоо демилгеси 2012-жылы ИИМ тарабынан да көтөрүлгөн.

Адистердин айтымында, экстремисттик сайттар Кыргызстандын интернет мейкиндигинде ондоп саналат. Аларда жихадга, бийликке баш ийбөөгө, халифат курууга чакырган ураандар жана жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн окуулар кезигет. Бирок соңку кездери сайттардан сырткары социалдык тармактарда радикалдардын жарандарга тузак коюу фактылары күчөгөнү да айтылып келет. (SE)