Орусиянын президенти Владимир Путин Египетке расмий сапар менен барды. Эки күнгө созулган сапар учурунда Москва - Каирдин алакасын жакшыртуу маселелери талкууланмакчы.
Путинди Каир аэропортунда Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси тосуп алды. Эки президент бүгүн Каирдеги опера театрына барышат. Негизги сүйлөшүү эртең өтөт.
Сапардын жүрүшүндө Владимир Путин Александрия жана Африка патриархы Феодор II менен жолугат.
Орус президенти акыркы жолу Египетте 2005-жылы сапарга барган эле.