Бизнеске айланган бейтапкана

Мурдагы бейтапкананы Кыргызстандагы аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева 2003-жылы социалдык долбоордун негизинде сатып алганын айтып келет.

Учурда бул имарат жеке менчик бала бакча катары иштейт. Балдар англис, кыргыз, кытай тилдерин, компьютер колдонгонду жана санаганды үйрөнүшөт.

Жергиликтүү тургундар сөз болуп жаткан мекемени кайрадан бейтапкана же кандайдыр бир медициналык борбор болсо деп тилешет.

Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева 2010-жылга чейин бул имаратка аялдардын кризистик борборун ачуу тууралуу долбоорун сунуштаган. Ал АКШнын Бишкектеги транзиттик базасынын каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, 2010-жылы расмий ачылган. Бирок ал кризистик борбор катары пайдаланылган эмес. 

Бул аянттарда кризиске туш болгон аялдардын балдары ойномок.

Кошуналардын айтымында, төрт жылдан бери аталган мекемеде орточо эсеп менен дайыма алтымышка чукул бала тарбияланат. Бир балага ай сайын төрт миң сом акы төлөнөт.

Бала-бакчанын бөлүм башчысы Нуржан Рыскулованын айтымында, учурда сасык тумоо жүрүп жатканына байланыштуу сырттан баргандар ушул жерден ары киргенге болбойт.

Имарат ээси Замира Акбагышева азыр бул имараттын жергиликтүүлөр каалагандай кайрадан бейтапканага айланышына макул эмес.

Короону көрктөндүрүүгө кезинде Кытай элчилиги да салым кошкон экен.

Жакында Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева атайын өкмөттүк комиссия түзүп, мыйзамсыз менчиктештирилген, максатсыз пайдаланган медициналык жайлар боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү, аларды кайра мамлекетке кайтарууну сунуштады. Анын билдиришинче, социалдык объекттерди менчиктештиргенге мыйзам уруксат бербейт.

Бишкектин батыш тарабында жайгашкан Шопоков шаарчасындагы 2003-жылы менчиктештирилип кеткен эки кабаттуу бейтапкана азыр коммерциялык негиздеги балдар бакчасына айланган. Жакында парламентте бул имарат мыйзамсыз менчиктештирилген деген кине айтылды.