Бишкек: Жер боюнча мораторий сунушу колдоо тапкан жок

Бишкек шаарында муниципалдык менчиктеги жана жалпы пайдалануудагы жерлерди имарат жана турак жай куруу үчүн ижарага же жеке менчикке берүүгө мораторий боюнча сунуш парламенттик комитетте колдоо тапкан жок. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мыйзам долбоору бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында каралды.

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов бул демилгеге каршылыгын билдирип, мындай чарбалык маселелер жергиликтүү орган катары мэрия тарабынан чечилиши керектигин айтты.

Талкууда депутат Мамытбай Салымбеков көп кабат үйлөрдүн ортосунда жаңы үй же башка имараттар салынып, балдарга ойной турган, аксакал адамдарга баарлаша турган жер калбай калып жатканын белгилеп, мораторий ушул багытта сунушталганын билдирди.

Депутат Талантбек Узакбаевдин пикиринде, үйлөрдүн ортосундагы жалпы пайдалануудагы жерлерге курулуш салынбастыгы боюнча мыйзам азыр деле бар, бирок ал аткарылбай жатат.

Соңку эки-үч жылдан бери Бишкекте жаңы көп кабат үйлөр мурда болбогондой көп салынууда. (RK)