Босниялык иммигранттар ИМ тобун колдоду деп айыпталууда

АКШнын прокуратурасы Босния-Герцеговинадан келип, Американын бир нече штаттарында жашап жүргөн алты иммигрантты террордук уюмдарга колдоо көрсөткөн деп айыптады. Алардын бешөө камакка алынды, үчөө аялдар.

Камакка алынгандар Түркия жана Сауд Аравиясына акча, аскерлер кийчү кийимдерди, дары-дармектерди жиберип турушкан деп шектелүүдө. Тергөөгө ылайык, алар жиберген акча, буюмдар андан ары Сирия менен Иракка "ал-Кайида" жана "Ислам мамлекети" террордук топторунун согушкерлерине жеткирилип турган.

Маалыматтарга караганда, эки жылдын ичинде шектүүлөр ушул максаттарга бир нече миң доллар сарпташкан жана кардарлары менен байланышуу үчүн социалдык түйүндөрдү колдонушкан. (ZMa)