Кен казууда чыр-чатакты чечүү жолдору

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда кен иштетүү боюнча 1218 лицензия берилген. Алардын ичинен 47си алтын кендерин иштетүүгө берилген. Кен иштеттү тармагында жергиликтүү калк менен кен иштетүүчүлөрдүн, бийликтин ортосунда чыр-чатактар көп катталат. Буга чейин кен чыккан аймактагы калктын нааразылыгынан улам бир катар компаниялар ишин токтотууга мажбур болгон. "Азаттыктын" талкуусу кенге байланышкан чыр-чатактарды чечүү жолдорун жергиликтүү тургундар кандай көрөт деген суроону талдайт. Катышуучулар: Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы айылдык кеңештин депутаты Азимкан Сулайманова, Лейлек районунун акиминин орун басары Абдивали Хамраев, Чаткалдагы коомдук кабылдаманын жетекчиси Тургунбек Атабеков жана Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Өмүралиев Жыргалбек.