Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновду “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку даражага көрсөтүү жөнүндө” токтом долбоору кабыл алынды. Тиешелүү комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев мындай демилгени 9 депутат кол коюп, сунуштап жатканын маалымдап, Бекмамат Осмоновдун өмүр таржымалына кыскача токтолду. Анда анын жетекчилиги менен учурунда Жалал-Абад, Ош облустарында көптөгөн социалдык-маданий объектилер курулганы, миңдеген гектер жерлер өздөштүрүлгөнү жана Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты катары мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган бир катар мыйзамдардын демилгечиси болгону айтылды.
1997-жылы октябрда Бекмамат Осмоновго Москвада жүрөк оорусуна байланыштуу операция жасалып, 52 жашында дүйнөдөн кайткан.